Астанага Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин иш
сапары менен келди. Казакстандын чек арасынан борбор калаанын аэропортуна чейин
Кытай лидеринин бортун өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн учактары коштоп
жүрдү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Си Цзиньпинди аэропорттон
өзү тосуп алды. Учактын жанында ардактуу кароолдун ротасы тизилди. Жогорку
даражалуу мейманды Казакстан менен Кытайдын желектерин кармаган балдар тосуп
алышты.
Борбор калаанын аэропортунун
терминалында казак жана кытай тилдеринде төрага Си Цзиньпинди балдар тосуп
алышты. Ошондой эле эки элдин салттуу бийлери аткарылды.
Андан соң Казакстандын
президенти Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын төрагасын Акордада
жылуу тосуп алды. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

