Казакстандагы ТМУнун бейформал саммити – ЖМКлардын көңүл борборунда

Казакстандагы ТМУнун бейформал саммити – ЖМКлардын көңүл борборунда

Түркестан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммити дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Чет элдик басылмалар санариптик чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жаатында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлеринин негизги тезистерин жана сунуштарын белгилешүүдө.

Айта кетсек, эл аралык маалыматтык «Euronews» медиасынын аналитиктери толук баяндама беришти. Негизги басым технологиялар жаатында биргелешип өнүгүү демилгесине жасалган. Макаланын автору саммиттин тарыхый-маданий маанисин баса белгиледи. Ал эми Түркестан шаарын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп атады.

Ал эми «The Times of Central Asia» маалымат агенттиги ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилейт. Басылмада Борбор Азия аймагы бүгүнкү күндө Европа менен Кытайдын ортосундагы альтернативдүү соода коридору катары барган сайын маанилүү болуп баратканы айтылат. Бул жерде Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту негизги ролду ойнойт. Анын өнүгүшү бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Түрк маалымат агенттиги «Анадолунун» аналитиктери өз кезегинде Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин негизги милдеттеринин бири гуманитардык жана технологиялык тармактарда биргелешкен илимий демилгелерди өнүктүрүү болгонун билдиришти. Материалда Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан айтылган сунуштарга өзгөчө басым жасалган. Алардын катарында Түркестанда Түрк цивилизациясынын борборун түзүү, жасалма интеллект борборлорунун тармагын өнүктүрүү жана Казакстандын жаңы жасалма интеллект университетинде түрк өлкөлөрүнүн студенттери үчүн гранттарды ишке киргизүү бар. Журналисттер азыркы геосаясий кырдаалда өлкөлөрдүн ортосундагы биримдикти чыңдоо артыкчылыктуу багыт болуп, саммиттин идеяларынын маанилүүлүгүн баса белгилешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков