Маңгыстау жер асты мечиттери ЮНЕСКО тизмесине киргизилиши мүмкүн

Казакстандын дагы бир нече тарыхый эстеликтери ЮНЕСКО-нун дүйнөлүк мурастарынын тизмесин толуктайт. Бүгүнкү күндө аталган тизмеге Мангыстау шаарындагы жер астындагы мечиттерди киргизүү боюнча талапкерлердин документтерин иштеп чыгуу башталды. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлиги билдирди. Эң негизгиси, бардык объектилер БУУ-нун адистештирилген мекемеси койгон 10 критерийге жооп бериши керек.

 

Жанат Сейдалиева, Маданият жана маалымат министрлигинин башкарма башчысы:

 

-Маданият комитети быйыл ЮНЕСКО-нун талаптарына ылайык коргоо аянттарынын долбоордук аймактарын иштеп чыгат. Тактап айтканда буфердик зоналар. Ошондой эле ар бир объект үчүн башкаруу пландарын даярдайт. Аталган номинациянын алкагында ЮНЕСКО-нун тизмесине Мангыстау оазисиндеги аска мечитинин беш объектисин киргизүү пландалууда. Алар: Караман ата, Шакпак ата, Шопан ата, Султан эпе. Ошондой эле уникалдуу жана атактуу Бекет ата мечити боюнча документтерди даярдоо көздөлгөн. Белгилей кетсек, бул иш убакытты жана чоң даярдыкты талап кылат.

 

Министрлик бул ишти улантууну пландаштырууда. Мындан тышкары, эл аралык мейкиндикте Казакстандын орто кылымдардагы мечиттери менен күмбөздөрүнүн үлгүлөрүн, ошондой эле заманбап архитектуралык чечимдерди сунуштоо көздөлүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков