Автожолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 20% артат

Автожолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 20% артат

Казакстанда санариптештирүү транспорт тармагын өнүктүрүүнүн негизги факторуна айланат. 10 айдын жыйынтыгы боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 20%га өстү, ал эми транзиттик ташуулар 29 миллион тоннадан ашты. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, авиация жана темир жолдо электрондук платформаларды киргизүү жүктөрдү жөнөтүүнү тездетет жана процесстин ачыктыгын камсыз кылат. Ошентип, авиация тармагы e-Freight стандартына өтүү аркылуу жүк ташууну оптималдаштырып, импорт жана экспорт жол-жоболоштурууну толук автоматташтырууга шарт түздү. Темир жолдо digital Trade Corridor системасы киргизилип, декларациялоонун «бирдиктүү терезеси» өркүндөтүлөт. Wabtec санариптик чечими кыймылдуу курамды аралыктан көзөмөлдөөгө жана жеткирүү диагностикасы убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, тогуздун айынан баштап SMART cargo платформасы ишке киргизилди. Ал мамлекеттик органдардын кызматтарын бириктирип, жүктү «бир терезе» принциби менен көзөмөлдөп, документтерди жол-жоболоштурууну жасалма интеллекттин жардамы менен аткарат. Өлкөнүн автожолдорунда санариптик паспорт, санариптик үлгүдөгү уруксат документтери киргизилип, чек арадан өтүү жеңилдетилди. Казакстандык автоташуучулар логистиканын ылдамдыгы менен туруктуулугун электрондук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу камсыздап жаткан 42 мамлекет менен байланыш орноткон.

Нурлан Сауранбаев, Транспорт министри:

- Былтыр Кытай жана Өзбекстан менен кагаз түрүндөгү чет элдик уруксат бланктары электрондук форматка алмаштырылды. Тармактарды санариптештирүүнүн натыйжасында автожолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 20 пайызга жогорулайт. Өткөрүү пункттарынан автоунаа менен өтүү мөөнөтү болжол менен 10 мүнөттү түзөт. Жасалма интеллект технологиясын киргизүү менен поезддерди түзүү жана пландаштыруу убактысы 6 эсеге кыскарат. Аэропорттордо жүктөрдү иштетүү 1 саатка чейин кыскарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков