Президент
Касым-Жомарт Токаев Air Astana компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү Питер
Фостерди кабыл алды. Жолугушууда авиация тармагын өнүктүрүү маселелери
талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Казакстан менен АКШнын ортосунда түз аба
каттамын ачуу, ошондой эле аталган рейстерди аткаруу үчүн алыс аралыкка учуучу
учактарды сатып алуу маселелерине көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ата мекендик
авиациянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн мындан ары дагы арттыруу зарыл экенин
айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

