Казакстандык үрөндөрдүн 500дөн ашык үлгүсү Шпицбергендин глобалдык кырсыктардан сактоо фондуна тапшырылды. Алардын арасында беде, буудай чөптөрү жана Казакстан флорасынын башка да көп жылдык жапайы жана дан өсүмдүктөрү бар. Салтанаттуу ачылыш аземине үрөндөрдү дүйнөнүн негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үлгүлөрүн коопсуз сактоого өткөрүү үчүн Казак дыйканчылык жана өсүмдүк чарбачылыгы илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары катышты. Алардын айтымында, бул чара өлкөдөгү жем-чөп өсүмдүктөрүн түрдүк жана экотиптик деңгээлде сактоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Норвегиядагы кампада дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген үрөн үлгүлөрү бар. Жалпысынан 89 үрөн банкынан алты миңге жакын өсүмдүк түрү бар. Кампа глобалдык кырсык учурунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга арналган.
Галиолла Мейрман, Казак Дыйканчылык жана өсүмдүк чарбачылыгы илимий-изилдөө институтунун Инновациялар боюнча башкарма төрагасынын орун басары:
– Казакстан өсүмдүк ресурстарына өтө бай, 70% жайыттарга тиешелүү. 180 миллион гектардан ашат. Жайыттардын биологиялык ар түрдүүлүгүн гендик банкка тапшыруу аркылуу сактап калуу керек. Ошондой эле, өзгөчө көзөмөлгө алынган аймактарда питомниктерди уюштурууну жана Институт алдынан бул өсүмдүктөрдү, өзгөчө тандалгандарын карап, талаа өсүмдүктөрүн сактап калуу үчүн жаңы аянтча ачабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков