Казакстанга болгон кызыгуу дүйнө жүзү боюнча өсүүдө

Жаңы туристтик багыт катары Казакстанга болгон кызыгуу дүйнө жүзү боюнча өсүүдө. Адистердин айтымында, чет элдик туристтерди биринчи кезекте өлкөнүн кооз жана көп кырдуу жаратылышы гана эмес, көчмөндөрдүн маданияты менен заманбап жетишкендиктеринин айкалышкандыгы кызыктырат. Мындан тышкары элдин меймандостугу да белгиленет. Казакстанга келген ар бир адам өзгөчө таасир калтырган саякат жасап, унутулгус жерлерди көрө алат. Мындай пикирин индиялык Нареш Шандили билдирди. Ал ушуну менен экинчи ирет Алматыга келип жатат. Анын айтымында, шаардын кайталангыс атмосферасы бар.

 

Нареш Шандили, турист:

 

-Биз Алматыны жакшы көрөбүз. Эли меймандос, адамгерчиликтүү. Мен бул жакка сөзсүз үй-бүлөм менен кайтып келем. Бул жолу досторум менен келдим. Бирок мен аларга бул жерде кызыктуу нерселерди көрсөттүм. Досторума абдан жакты.

 

Өлкөгө индиялыктардан тышкары Кытай, Италия, Улуу Британия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен саякатчылар келишет. Статистикага ылайык, чет элдик туристтер Алматыдагы тоо класстарын жактырышат. Бирок адистердин айтымында, өлкөдө пляжда эс алууга ылайыктуу жайлар жетиштүү.

 

Асем Козбагарова, туристтик компаниянын ички багыт боюнча бөлүм башчысы:

 

-Өлкөдө өнүктүрө турган бир нече жерлер жана объекттер бар. Биринчиден, албетте, Каспий деңизинин жээги. Түндүк Казакстанда дагы көлдөр бар. Балхаш менен Алакөлдү өзгөчө атаса болот. Ошондуктан алдыбызда көп иштер турат.

 

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча Казакстан саякат жана туризм индексинде өз ордун жакшыртты. Республика 119 өлкөнүн тизмесинде дароо 14-тепкичке жылып, 52-орунга жайгашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков