Маңгыстау шаарында экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү мерчемделүүдө

Маңгыстау шаарында экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү мерчемделүүдө

Маңгыстау облусунда авиация хабын өнүктүрүү пландалууда. Өкмөттө регионго авиа күйүүчү майды түз жеткирүү, ошондой эле жаңы багыттар боюнча субсидияланган ички аба каттамдарды көбөйтүү, бул ишке чет өлкөлүк авиакомпанияларды тартуу маселелери иштелип чыгууда. Ошону менен бирге министрлер кабинетинде темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана "Актау деңиз порту" эркин экономикалык аймагын кеңейтүү үчүн инвесторлорду тартуу маселеси талкууланды. Ушул жылдын башынан бери мында 1,5 трлн теңгелик 14 долбоор ишке киргизилген, кайра иштетүү тармагында 19 долбоор иштеп чыгуу стадиясында турат. Аймактын транзиттик жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрү активдүү түрдө кеңейүүдө. Алсак, 10-айдын ичинде 2024-жылы Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча ташуулардын көлөмү 70%га өстү, ал эми контейнердик ташуулар дээрлик 3 эсеге көбөйдү. Темир жол аркылуу 2,3 млн тонна, деңиз аркылуу 6,3 млн тонна жүк ташылды. Жалпысынан алганда, региондо инфраструктураны өнүктүрүүгө да, экономиканын бир катар башка тармактарына да баа коюлат. Бул автожолдорду реконструкциялоого, Актау портунун базасында контейнердик хаб курууга, кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүгө, алардын сапатын жогорулатууга, энергетика жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө тиешелүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков