Касым-Жомарт Токаев эл аралык конвенциялардын жетекчилери менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев эл аралык конвенциялардын жетекчилери менен жолугушту

Эл аралык конвенциялардын жетекчилери Регионалдык экологиялык саммиттин уюштурулушун жогору баалашты. Алар менен болгон жолугушууда Президент Касым-Жомарт Токаев колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алардын тажрыйбасы жалпы климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык ыкмаларды илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишеним артты. Мамлекет башчысы Казакстан экологиялык жоопкерчилик принциптерин регионалдык жана глобалдык деңгээлде киргизүүнү колдой турганын баса белгиледи. Бул жаңы Конституцияда да чагылдырылган, анда айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири катары бекитилген. Эл аралык конвенциялардын өкүлдөрү «Таза Казакстан» программасын кубаттап, өлкөнүн климаттык жана суу маселелерин чечүү боюнча глобалдык демилгелерин колдошту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков