Казакстан президенти Азербайжандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстан президенти Азербайжандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын президенти менен Азербайжандын тышкы иштер министри ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Астанага расмий сапар менен келген Джейхун Байрамовду тосуп алуу учурунда Касым-Жомарт Токаев жолугушуу эки мамлекеттин көп кырдуу байланыштарын мындан ары бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Жалпысынан мамлекет башчысы жана тышкы саясат мекемесинин жетекчиси була-оптикалык байланыш желесин жана Каспий деңизинин түбү боюнча терең деңиздеги электр куурунун төшөлүшүнө тиешелүү маселелерди козгошту. Ошондой эле, тараптар соода, инвестиция, санариптештирүү, транзит жана транспорт сыяктуу тармактарда мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечегин карашты. Президенттин айтымында, Казакстан Азербайжанды ишенимдүү стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары карайт. Өз кезегинде Джейхун Байрамов салтка айланган жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн баса белгиледи. Азербайжан Тышкы иштер министрлигинин башчысы өткөн жылдын бештин айында Актауга жакын жерде учактын кыйрашына байланыштуу болгон трагедияга байланыштуу ыкчам көмөк көрсөткөндүгү үчүн президент Илхам Алиевдин жана республиканын элинин атынан казак тарапка өзүнчө ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков