Аймактык коргонуу тутуму жакшыртылат. Өлкөнүн Сенаты бул жааттагы коомдук мамилелерди
укуктук жактан камсыз кылган мыйзамды бекитти. Анда бул багытты өзүнчө тармак
катары каржылоонун көлөмү каралган. Аймактык аскер органдарынын принциптери
жана иш-чаралары аныкталган. Тараптардын милдеттери жана компетенциялары
белгиленди. Документ тармактын мамлекеттик көзөмөлдөө системасын ар тараптуу
жөнгө салат. Атайын мыйзамда биринчи жолу ыктыярчы жана өзүн-өзү коргоону
калыптандыруу деген сыяктуу түшүнүктөр киргизилди. Бул аймактык коргонууну
натыйжалуу уюштуруу үчүн зарыл. Коргоо министрлигинин, башка мамлекеттик
органдар менен жана атайын транспорт ишканалары менен аскердик ташууну
уюштуруу, жол мамилелерин техникалык жабдуу үчүн өз ара иш-аракети белгиленди.
Галиакпар Сарыбаев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Мыйзамдын кабыл алынышы бир нече оң социалдык натыйжаларды берет. Аймактык
коргоо чөйрөсүндө борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишинин
натыйжалуулугу жогорулайт. Ыктыярчылар жаракат алган же башка учурларда
компенсация алууга укуктуу. Волонтерлордун туруктуу аскердик түзүмдөр менен өз
ара аракеттенүү тартиби түзүлөт. Биздин жарандар билим жана тажрыйба алууга,
өлкөбүздү коргоо үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болууга умтулушат. Патриоттук
аң-сезим калыптанат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

