Казакстандын Маңгыстау аймагында насостук-компрессордук
түтүктөрдү жана насостук штангдарды чыгаруучу жаңы завод курулууда.
Инвестициянын жалпы көлөмү 17 миллиард теңгеден ашат. 12 гектар аянтты ээлеген
ири долбоор өткөн жылы башталган. Азыр металл конструкцияларды монтаждоо иштери
аяктап калды. Толук ишке киргизилгенден кийин ишкана жыл сайын мунай-газ
тармагынын муктаждыктары үчүн 51 миң тонна насостук-компрессордук түтүктөрдү
жана 540 миң насостук штанга өндүрүүнү мерчемдеп жатат.
Жеңис Тукаев, Курулуш компаниясынын башчысы:
- Объекттин чатыры жана фасады жабылып, курулуш иштери
графикке ылайык жигердүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, аны менен катар казан жана
көмөкчордондун курулушу жүрүп жатат. Жабдууларды орнотуу бирдин айынын 20да
башталып, жалган куран айынын аягына чейин имараттын контуру толугу менен
жабылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

