Казакстан малды чет өлкөлөргө экспорттоону көбөйттү

Казакстан малды чет өлкөлөргө экспорттоону көбөйттү

Казакстан үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 249 миң баш мал экспорттоду. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн 4 эсе көп. Айрыкча жылкы боюнча өсүш байкалууда – жеткирүү көлөмү 12 эседен ашык көбөйүп, 6,5 миң башка жетти.  Ири мүйүздүү малдын сатылышы 2,6 эсеге өстү. Негизги багыттар Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжан өлкөлөрү. Ошондой эле чет өлкөгө 8,5 миң баш кой сатылды. Үй канаттууларына келсек, аларды экспорттоо үчтүн айы, жалган куран айларында дээрлик 5 эсеге көбөйүп, өткөн жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 190 миң башка жетти. Ошол эле учурда малдын жана канаттуулардын импорту дагы өстү – 23%га – 2,5 миллион башка чейин.

Которгон: Назира Бегалиева