Өкмөттө тоо-кен металлургиялык комплексти өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды. Жыйынды премьер-министр Алихан Смаилов алып барды. Атап айтканда, кендерди иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармакка инвестиция тартуу боюнча пландар каралды. Министрлер кабинетинин башчысы жер-жерлерде жаңы демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууда мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарын тең салмактуулук менен сактоо зарылдыгын белгиледи. Отурумдун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков