Казакстан менен Сербиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстан менен Сербиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн Акордада Сербиянын президентин тосуп алуу аземи болуп өттү. Александр Вучич Казакстанга расмий сапар менен келди. Тараптар тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан Сербияны Европадагы маанилүү стратегиялык өнөктөш деп эсептей турганын жана бул сапар өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берерин белгиледи. Белгилей кетсек, быйыл Астана менен Белград дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет. Бул жылдар аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактарда эки тараптуу байланыштар чыңдалды. Соода мамилелери да активдүү өнүгүүдө – өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү дээрлик 108 миллион долларды түздү. Учурда республикада 60тан ашык серб компаниясы жемиштүү иштеп жатат. Андан тышкары, эки мамлекеттин борборлорун түз аба каттамы байланыштырып турат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биз мамилелерибизди мындан ары да чыңдоого жана ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чын жүрөктөн ниеттенебиз. Бүгүн биз бул өз ара аракеттенүүгө кандайча кошумча динамика берүү керектигин кеңири талкууладык. Сизди ишендирип кетем, биз өз тараптан өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Александр Вучич Касым-Жомарт Токаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Белграддын Астана менен көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендигин ырастады. Өзгөчө  Сербиянын президенти казакстандык компаниялардын биргелешкен долбоорлорго, биринчи кезекте курулуш, коргонуу өнөр жайы, жасалма интеллект, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору чөйрөсүндө катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Александр Вучич, Сербиянын Президенти:

- Биз Сербия үчүн гана эмес, Европанын бул бөлүгүндөгү бүткүл аймак үчүн да флагмандык боло ала турган Казакстан сунуштаган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Биздин өлкөдө Сербиянын инвестициялык тартымдуулугун жакшыртып гана тим болбостон, өз ара маданий жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө да өбөлгө түзө турган сиздин өлкөңүздөн ишенимдүү курулуш компанияларын жана инвесторлорду көргөнгө кубанычтабыз. Өз кезегинде биз сиздин өлкөнүн экономикасына инвестиция салууга умтулган серб ишкерлерин колдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстандын жана Сербиянын президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Тараптар кызматташуу боюнча 10 меморандумга кол коюшту, анын ичинде жасалма интеллект, санариптик өнүгүү, инвестиция, айыл чарба, илим жана билим берүү тармактарында.

Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Касым-Жомарт Токаев Александр Вучичке Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – «Алтын Кыран» орденин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков