Астанада Лу Бандын беш заманбап лабораториясы менен жаңы чеберканасы ачылат. Долбоор Евразия улуттук университетинин базасында кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып, жаңы муундун адистерин даярдоого багытталмакчы. Борбордун структурасына машиналык көрүү, гуманоиддер, робототехника, дрондор жана жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөөлөр боюнча лабораториялар кирет. Кадрдык база ишке киргизүүгө даярдалган. Университеттин 15 окутуучусу Тяньцзинде атайын окуудан өтүп, ал жерде маалыматтарды талдоо жана учкучсуз технологияларды, ошондой эле AI-агенттери менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүрүшкөн. Окутуу теорияны гана эмес, өнөр жай ишканаларында практиканы да камтыган. Аянтча жарым-жартылай ишке киргизилген - студенттер таштандыларды сорттоо жана алгоритмдердин жардамы менен өсүмдүктөрдүн абалын талдоо сыяктуу колдонмо долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Келечекте чеберкананы колдонуу менен окууга 1200дөн ашык студентти тартуу пландаштырылууда. Университетте белгилешкендей, IT-кадрларды даярдоо өлкөнүн санариптик чөйрөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Гульмира Бекманова, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин санариптештирүү боюнча проректору:
– Биздин университеттин негизги максаты – студенттерде жасалма интеллектти ар кандай тармактарда колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Башкача айтканда, азыр биз дисциплиналар аралык изилдөөлөрдүн үстүнөн иштейбиз, бул лабораторияларга адистиги боюнча окушу керек болгон студенттерди гана эмес, башкаларды да тартабыз. Университетте өткөн жылы чоң иштер жасалды. Университеттин бардык билим берүү программаларынын багытына карабастан, жасалма интеллект боюнча 200дөн ашык дисциплина киргизилди.
Евразия улуттук университетинде жасалма интеллектти академиялык чөйрөгө киргизүү маселесине арналган атайын эл аралык форум өттү. Окумуштуулар белгилегендей, жаңы технологиялар окутууну жана илимий изилдөөлөрдү тездетүүдө. Бирок, ошол эле учурда өз алдынчалыкты жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн сактоо зарылчылыгы келип чыгууда. Адистердин айтымында, жасалма интеллект студенттер жана окутуучулар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок аны колдонууда салмактуу мамилени талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

