Кыргызстан менен Тажикстан студенттери Астанада билимдерин чыңдады

Кыргызстан менен Тажикстан студенттери Астанада билимдерин чыңдады

Кыргызстан менен Тажикстандын медициналык университеттеринин 20га жакын студенттери Астанада билимдерин чыңдады. Алар атамекендик дарыгерлердин тажрыйбасы жана саламаттык сактоо жаатындагы жаңы технологиялар менен таанышышты. Семинарлар «KazAID»  Казакстандын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин уюштуруусунда өттү. Белгилей кетсек, долбоор өткөн жылы башталган. Ал кезде билим берүү курстары болочок дарыгерлер үчүн гана эмес, Борбор Азиядагы профилдик ЖОЖдордун окутуучулары үчүн да уюштурулган.

Акылай Шакенова, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицианлык академиясынын студенти:

- Биз менен бирге бул жерде Казакстан менен Тажикстан студенттери болушту. Башкача айтканда, үч өлкөнүн келечектеги дарыгерлери чогулдук. Бул өтө маанилүү. Билимибизди өркүндөтүп, маданий баалуулуктар менен алмаштык.

Белгилей кетсек, бул багытта ишке ашырылып жаткан жалгыз программа эмес. Казакстан аймактагы өлкөлөр менен башка тармактарда билим жана тажрыйба алмашып келет. Академиялык мобилдүүлүк программасынын чөйрөсүн кеңейтүү менен Борбор Азия мамлекеттери өнөктөштүктү бекемдөөдө.

Арманай Кабдешова, «KAZAID» казакстандык эл аралык өнүгүү агенттигинин басма сөз катчысы:

- Аталган долбоор KazAID грантынын негизинде катышуучулар үчүн акысыз ишке ашырылат. Бизде үч программа бар. «Достук-дипломатия» дипломаттарды даярдоого арналган. Бизде келечектеги дарыгерлер үчүн «Авиценна: Ден соолук» деген программабыз бар. Ал «Достық: санариптештирүү» программасы IT адистерине арналган. Жыйынтыктап айтканда, бул долбоорлор Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистерине багытталган. Аларды атайын чакырып, окутабыз. Программа экинчи жыл катары менен ишке ашырылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков