«Казак геральдикасы». Казак окумуштуулары ушундай аталышта мамлекеттик символдор боюнча китеп чыгарууну көздөп жатат. Учурда геральдикалык изилдөө борборунун окумуштуулары тиешелүү материалдарды чогултуп, изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Окумуштуулардын айтымында, символдордун тарыхый символикалык мааниси өтө жогору. Аны терең изилдөө тарыхтын агымында жаңы фактыларды ачышы мүмкүн. Бул мамлекеттик символдордун 30 жылдыгына карата чоң белек болмокчу.
Асылбек Баяжума, Геральдикалык изилдөөлөр борборунун мүдүрү:
- Тарых тармагындагы окумуштууларыбыз менен биргеликте азыр казак геральдикасы китебин чыгаруу үстүндөбүз. Геральдиканын өзү биздин өткөн жашообуздун же өткөн кылымдардын тарыхы. Бул белгилердин айрымдары азыркы мезгилде да колдонулуп келет. Бүгүнкү күндө биздин окумуштуулар унутулуп бараткан геральдикалык символдорду, иероглифтерди изилдеп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков