Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү маалымат мейкиндиги пайда болушу мүмкүн. Аймактык кызматташтык интернеттин өнүгүшү тездик менен жайылып жаткан фейктерге каршы биргелешип күрөшүүгө мүмкүндүк берет. KAZnet мейкиндигинде эле ай сайын кеминде 150 жалган маалымат аныкталат. Бул маселе Астанада өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумунда талкууланды.
Дархан Кыдырали, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:
- Казакстанга бир нече компаниялар келиши мүмкүн. Азыр биргелешкен телеканал маселесин айтуу эрте, бирок биргелешкен долбоорлор, сериалдар, анимациялык тасмалар, ошондой эле сайт ачуу, маалымат мейкиндигинде долбоорлорду түзүү, менин оюмча келечекте бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүгө карата реалдуу кадам болуп саналат.
Ошондой эле, медиа-форумда серепчилер маалымат коопсуздугу, билим берүү тармагындагы трансформация, эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуу дагы ролу, жарандык коомду өнүктүрүүдө гендердик теңчиликтин ролу, аймактык жана глобалдык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу орчундуу маселелери ортого салынат. Жыйынга 100дөн ашык чет элдик жана ата мекендик талдоочулар чакырылган. Алар белгилүү саясатчылар, чет элдик жана ата мекендик журналисттер, медиа менеджерлер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери.
Эрнист Уметалиев, YOUTUBE-долбоорунун негиздөөчүсү:
- Эмнеси болсо да туу чокусуна жетип, финалга жетет. Башкача айтканда, ар бир дүйнөнүн өзүнүн сулуулугу, кооздугу бар. Мунун баары окуянын аягында берилет. Бирок, азыр заман өзгөрдү. Бул окуянын башында бардык сулуулукту берип, адамдарды ар дайым кульминацияга кармап туруу керек дегенди билдирет. Албетте, бул бир аз кыйын.
Абдулла Гюль, Түркиянын 11-президенти:
- Жасалма интеллект жана чоң маалыматтардын аркасында ЖМК жаңы технологияларда артыкчылыкка ээ боло алат. Бүгүнкү күндө ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошентип, биз бул технологияларды коомдун жыргалчылыгы үчүн, кылмыштуулуктун жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн колдонушубуз керек. Ошондой эле социалдык түйүндөрдө душмандык аракеттерге, жалган маалыматтарды таратууга бөгөт коюу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков