Ата мекендик режиссёр Дарежан Өмүрбаевдин «Акын» тасмасы Бразилияда өткөн кинофестивалда байгелүү орунга ээ болду. Тасма «Өзгөчө көз караш» бөлүмүндө «Мыкты фильм» деп табылды. Белгилей кетсек, бул номинацияда башка он өлкөдөн түрдүү фестивалдарда байгеге ээ болгон жети фильм ат салышкан. Ошондой эле, «Акын» тасмасы Париждеги Жорж Помпиду атындагы борбордук заманбап искусство музейинде да коюлат. Иш-чара Франциянын борборунда кулжа айынын 10нан 26на чейин өтөт. Анда Берлин кинофестивалында жеңишке жеткен чыгармалар көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков