Борбор Азияда теңдеши жок технология шаарда 5 жылдан бери колдонулуп келет. Өкмөт бул тажрыйбаны башка калктуу-конуштарга да киргизүүнү сунуштады. Айта кетсек, канализация станциясы жылына бир жарым миллион киловатт электр энергиясын иштеп чыгарат. Өз кезегинде учурда өндүрүлгөн энергия шаар боюнча тургундарга бөлүштүрүлүп берилет.
Анарюек Орман, ишкана мүдүрү:
- Жалпысынан электр энергиясынын 95 пайызын өзүбүз өндүрүп чыгарабыз. Биз болгону 5 пайызын алабыз. Ал эми 50 миң куб болсо, мындай объектилерди дагы да көбөйтөбүз.
Шымкентте электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу дагы бир канализациялык станциянын курулушу башталды. Аны келерки жылы ишке киргизүү пландалууда. Долбоордун баасы 4 миллиард теңгеге жакын. Экинчи станциянын ишке кириши канализация калдыктарынан электр энергиясын иштеп чыгарууну жылына 4 миллион киловаттга чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков