Түркестанда заманбап технологиялар менен голландиялык роза гүлдөрүн өстүрө
башташты. Аянты 1,5 гектар болгон күнөсканага 105 миң түп көчөт отургузулган.
Жалпысынан бул жерде роза гүлүнүн 10 сорту өстүрүлөт. Голландиядан алынып
келинген көчөттөр жакшы көнүп кетти. Жергиликтүү аграрийлер айыл чарбасында
илим менен заманбап технологияларды интеграциялоо аркылуу гана жогорку
түшүмдүүлүккө жетишүүгө болот деп эсептешет. Ички рынокко жеткирүү башталды, келечекте
роза гүлдөрүн экспортко жөнөтүү пландаштырылууда. Ошондой эле фермерлер
күнөскананы кеңейтип, жыл сайын 10 миллионго чейин гүл жыйноону көздөөдө. Жеке
инвестициялык долбоордун наркы 1 миллиард теңгеден ашат.
Данияр Калтаев, чарбанын жетекчиси:
- Голландиялык көчөттөр, нидерландиялык адистер менен биргеликте биз роза
гүлүн өстүрүүнүн инновациялык технологиясын киргиздик. Биз нөлдөн баштайбыз —
үрөндөн баштап даяр продукцияга чейин. Бизде толук өндүрүштүк цикл
камсыздалган.
Миновар Каримова, Жибек жолы айынын тургуну:
Алгач сабагынын узундугун өлчөп, анан ага ылайык таңгак даярдайбыз. Баасы сапатына жараша. Биздин гүлдөр эң жаңы. Казакстандан тышкары, Өзбекстанга да жөнөтүлөт.
Которгон: Назира Бегалиева

