Өткөн жылы Караганды облусуна 360 миңден ашык турист, анын
ичинде 16 миңге жакыны чет элдик саякатчыларды кабыл алды. Быйыл бул көрсөткүч
мындан да жогору болушу ыктымал. Анткени эс алуу жана коомдук жайлардын саны
жыл санап көбөйүп, өзгөрүүдө.
Жеңис Ермуканов, кабарчы:
Кайда, кайда? Карагандыда!». Дүйнө жүзүнө тараган бул учкул
сөз дүйнөдө биринчи тургузулуп, Гиннестин рекорддор китебине кирген эстелик.
Туристтер үчүн шахтерлор шаары эмнеси менен кызыктуу? Аны билүү үчүн шаардын кооз
жерлерине барабыз.
Караганды менен таанышууну музей-кенинен баштоо керек. Жергиликтүү
өндүрүштүн адистеринин кеп-кеңештерине таянып, адегенде жылкынын башын ушул
жерге бурдук. Бул жерде ар бир көрүчүүгө өлкөнүн чоң жериндеги көмүр кенинин
тарыхынан эстеликтер тартууланып, катуу отун чыгаруу өнөр жайлуу шаардын
курулушуна негиз болгондугу түшүндүрүлөт.
Марич Брезицкая, гид-экскурсовод:
Туристтик топтор бар, бул компаниянын профили кирүүчү
туризмге байланыштуу болгондуктан, бул жерде өндүрүш кандай иштээрин билгиси
келген же көмүр тармагына адистешкен чакан чет элдик топтор, студенттер бар,
ошондуктан алар ушул жерге келишет. Ага көбүнчө шаардын тарыхын билгиси келген
саякатчылар келет. Мындай конокторго
турларды англис тилинде өткөрөбүз.
Ушул күнгө чейин бул бизнес облустун өндүрүшүнүн негизги
кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Коопсуздук чараларынан улам кендерге сырттан
келгендердин өздөрү киришине тыюу салынган. Ооба, бул жерде чыныгы шахтер болуу
мүмкүнчүлүгү бар. Жер астындагы музей 15 метр тереңдикте жайгашкан. Бирок
конокторго бул тууралуу айтылбайт. Атайын тор чоңураак тереңдикке түшкөндөй
таасир калтырат.
Музейдин атын кошпогондо 100 чарчы метр аянтты ээлеген шахта
шахтёрлордун чыныгы иштеген жеринен эч айырмасы жок. Бардык курулуш
материалдары, жумуш жабдуулары жана атайын техникалар тейлөөгө жарактуу. Бул
жердеги моделдердин көбү дагы эле өндүрүштө.
Андан соң облустук экологиялык музейге барып, кенге бай
аймактын жер астынан табылган ар кандай жаратылыш минералдарына күбө болдук. Белгилей
кетсек, Менделеевдин таблицасынын дээрлик бардык элементтери өлкөнүн бир гана
аймагында кездешет. Казыналы районунун топурагынан Алихан Букейхан, Сакен
Сейфулин, Нуркен Абдиров, Касым Аманжолов, эл интеллигенциясынын өкүлдөрү, чечендер, өлкө башчылары, эл камы үчүн
күрөшкөн баатыр инсандар учуп кетишкен. Улы Абайдын да бул аймак менен өзгөчө
байланышы бар экенин жергиликтүү окумуштуулар айтышат.
Темирлан Серк, Караганды облустук чөлкөм таануу музейинин
илимий кызматкери:
Абайдын Каркаралы уездинде туулуп, кийин Семейге көчүп
келгени тууралуу маалыматтар бар. Ушуга таянып, Абай биздин аймактан чыккан деп
болжолдоого болот. Азыр биздин жергиликтүү тарыхчы-окумуштуулар бул фактыны
тастыктай турган табылган документтерди изилдеп жатышат. Абай балалыгынын көбүн
ушул жерде – Каркаралыда өткөргөнү белгилүү. Бул жерде атактуу көпөс Халиолла
Бекметовдун үйү жайгашкан, Кунанбайдын үй-бүлөсү бул жерде көп жашачу. Алардын
арасында Абай да бар. Ал бул жерге бир топ ыр арнаган.
Саякат, албетте, кичинекей коноктор үчүн да кызыктуу болот.
Казакстандагы жалгыз балдар поезди 1956-жылдан бери Карагандыда иштейт. Темир
жол шаардын эң кооз аймактары аркылуу өтөт. Хогвартс экспресс стилиндеги
станцияда жаш студент темир жолчулар иштейт
Которгон: Илгиз Жамалбеков