Созак аймагында кылым жашаган жоокер жашайт

Созак аймагында кылым жашаган жоокер жашайт

Казакстандын Созак аймагынан Улуу Ата Мекендик согушка 6 миң жоокер катышкан. Өлкөгө аман-эсен кайтып келгендердин ичинен бүгүнкү күндө көзү тирүүсү Мырзахмет Жылысбаев. 99 жашка чыгып, кылымга кадам таштаган карыя 18 жашында фронтко аттанган. Өрт кечкен жылдарында жоокер №92 автоматтар полкунда салгылашкан. Эрдик көрсөтүп, мекенди коргогон.


Мырзахмет Жылысбаев, согуш ардагери:


- Биз согуштун аяк жагында бардык. Бирок, Бауыржан Момыш уулу өзү айткандай, «согушка бир кирип чыккандын өзү эрдик». Ушундай эрдиктердин катарында болдук.


Мырзахмет Жылысбаев согуштан кийин өлкөгө кайтып келип, билим берүү тармагында иштеген. Мугалим болуп, келечек муунду тарбиялады. Бүгүнкү күндө жубайы менен 13 уул-кыздан 47 небере, 97 чөбөрө көрүп жатышат. Ардагер бош убактысында жашоодо көргөндөрүн кагаз бетине түшүрөт. Жаштардан кеп-кеңешин аяган жок. Өзүнүн осуяттары жана ой-толгоолору топтолгон «урпактарга аманат» аттуу китеби жарык көргөн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков