Казакстанда эмгекти коргоо механизмдери өркүндөтүлүүдө

Казакстанда эмгекти коргоо механизмдери өркүндөтүлүүдө

Казакстанда эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасы киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында тармактык министр билдирди. Долбоордун алкагында «эмгекти коргоо жана эмгек коопсуздугу» бирдиктүү маалыматтык тутумуна туташтырылган датчиктер керекке жаратылмакчы. Бул кооптуу жана зыяндуу өндүрүш шарттарынын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Өлкөдө эмгек тобокелдиктерине өз убагында көңүл буруу үчүн ишканалардын бирдиктүү санариптик профили пайда болот. Ал эмгекти коргоого байланыштуу бардык параметрлерди камтыйт. Ишканалардын ишин натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн технологияны өзгөртүүгө багытталган көзөмөлдүк карта иштелип чыккан. Маселен, өлкөнүн тоо-кен жана металлургия комплексинин ири ишканалары 2028-жылга чейин өндүрүштү жаңылоого 1,8 трлн теңге инвестиция салмакчы. Бул каражаттар энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, экологияга терс таасирин азайтууга жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталат. Эми өлкөдө эмгек коопсуздугу боюнча адистер даярдалат. Бул максатта өлкөдө эл аралык эмгек уюмунун Турин окуу борборунун филиалын ачуу мерчемделүүдө.  

Светлана Жакыпова, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри: 

- Эл аралык эмгек уюмунун окуу борборунун филиалынын ачылышы чет өлкөгө чыгууну кажет этпестен эмгек коопсуздугу боюнча адистерди системалуу жана сапаттуу даярдоону уюштурууга, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алат. Кадрлардын квалификациясын жогорулатууга, социалдык өнөктөштөр, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар ортосундагы институттук байланыштарды чыңдоого, Борбор Азиядагы эмгекти коргоо жаатындагы компетенциялардын региондук борбору катары Казакстандын ролун күчөтүүгө мүмкүндүк берет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков