Казакстандын Мамлекеттик кеңешчиси Президенттин элге кайрылуусундагы пикирин билдирди. Ерлан Карин анын бириктирүүчү идеясы – санариптештирүүнү кеңири масштабда өнүктүрүү жана жасалма интеллектти жапырт киргизүү экенин белгилейт. Президент экономиканын түрдүү тармактарына санариптик системалар менен жасалма интеллект куралдарын тездетүү милдетин жүктөдү. Бул кадамдардын баары толукталып келип, Казакстандын жаңы Улуттук санариптик өнүгүү стратегиясына бириктирилет. Ерлан Карин Казакстан тармакты өнүктүрүү үчүн комплекстүү жана системалуу чечимдерди кабыл алган дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп жатканын белгиледи. Бул жагынан өлкө келечекте технологиялык жактан өнүккөн мамлекет аталмакчы. Анын айтымында, быйылкы кайрылууда санариптик трансформация менен жасалма интеллектти киргизүү өлкө үчүн жаңы улуттук идея катары айкындалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

