Казакстанда биринчи жолу географиялык диктант өттү

Иш-чара QazaqGeography демилгеси менен уюштурулду. Республикалык акция өлкөдөгү географиялык уюмдар жана 10 университетте бир учурда өттү. Диктантка каалаган жаран катышуу мүкүнчүлүгүн алды. Жаш боюнча чектөө болгон жок. Катышуучулар ар бир аймактын кооз жана ыйык жерлери менен жаратылышына байланыштуу түрдүү суроолорго жооп берди. Ошондой эле, ошол аймактан чыккан белгилүү инсандардын өрнөктүү өмүрү менен чыгармачылык жолу тууралуу суроолор берилди. Мындагы негизги максат – өлкөнүн географиясын гана эмес, түпкү тарыхы менен бай маданиятын изилдөөгө кызыгуучулукту арттыруу. Суроолордон мүдүрүлбөгөндөр баалуу сыйлыктарга ээ болду.

Бекболат Төлеген уулу, QAZAQ GEORAPHY бирикмесинин долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси:

- Табият таануу илими менен катар, өзүнүн маданиятын, тарыхын айкалыштыра билүү зарыл. Эки канаты бар куштай болуу керек, башкача айтканда, гуманитардык илим да, табигый илимдер да болушу керек деп түшүнөбүз. Ушундай жарандык коомду түзө алган мамлекет келечекте чоң ийгиликтерге жетет деп ишенебиз. Ошондуктан бул географиялык диктанттын максаты – илимге болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков