Казакстандык окумуштуулар курулушка керектүү долбоорлорду сунуштады

Астаналык окумуштуулар Казакстандын курулуш рыногуна өздөрүнүн инновациялык технологияларын киргизет. Бул үчүн алар Илим фонду уюштурган коммерциялаштыруу реактору долбооруна катышат. Анын максаты - биргелешкен каржылоо үчүн инвестор тартып, андан кийин 350 миллион теңге көлөмүндө грант жеңип алуу жана анын долбоорлорунан пайда көрүү. Катышуучулардын арасында Евразия улуттук университетинин профессору Аскар Жусупбеков да бар. Жаш окумуштуулар тобу менен бирге алар өзгөчө геомаалыматтык база түздү. Ал Казакстан шаарларынын топурак мейкиндигинин изилдөөлөрүн бир системага киргизүүнү көздөйт. Белгилей кетсек, долбоор буга чейин ар кандай гранттарды утуп алып, Алматы менен Астана шаарларынын жер астындагы мейкиндигин бир нече жолу изилдөөгө жетишкен. Алдыдагы убакытта аталган бул эки мегаполисте изилдөөлөрдүн чөйрөсүн кеңейтип, өлкөнүн башка да аймактарында ишти жүргүзүүнү мерчемдеп жатат.

 

Аскар Жүсупбеков, Л.Н. Гумилёв атындагы ЕУУ «Курулуш» кафедрасынын профессору:

- Катуу жааган жамгыр топуракты жууп, анын касиетин өзгөртөт. Биз түздөн-түз топурак негиздерин изилдеп чыктык. Себеби, анын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн так аныктоо ар кандай объект менен имарат салуу жана пайдалануу коопсуздугуна таасирин тийгизет. Геомаалымат базасы чындыгында суроо-талапка ээ. Анткени, көптөгөн курулушчулар, долбоор түзүүчү уюмдар алды менен физика-математикалык касиеттерин аныктоо аркылуу тендер учурунда кандай арыз бергендерине да талдоо жүргүзүлөт.

 

Жалпысынан окумуштуулар бул жолу 8 долбоорду тааныштырды. Анын ичинде мониторинг системалары менен куралдарын, ошондой эле, үй жана жол куруу тармагындагы жаңы технологиялар бар.

 

Камиль Акатов, «Илим Фонду» АК башкарма төрагасы:

- Реакторлордун негизги багыттары илим менен бизнестин интеграциясына багытталган. Коммерциялаштыруу — биздин окумуштууларыбыздын илимий иштеп чыгууларын өндүрүшкө киргизүүгө, медицинага жана башка да тармактарга киргизүүгө мүмкүндүк берет. 2023-жылдан бери биздин фонд тармактык багыттагы адистиктер үчүн реакторлорго арнап келген. Бул жолу биз курулуш иштерине басым жасап жатабыз, анткени бул экономикалык абалдын өнүгүшүнө динамикалык таасирин тийгизет.

 

Илим фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, коммерциялаштыруу реактору өлкөдө былтыртан бери иштеп жатат. Анын катышуучуларынын жарымы өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн гранттарды алган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков