Медкызматкерлердин беделин көтөрүү сунушталууда

Медкызматкерлердин беделин көтөрүү сунушталууда

Казакстанда медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерге социалдык кепилдиктерди белгилөө сунушталды. Муну менен катар, өлкөдө дарыгерлик кесиптин макамын жана беделин көтөрүү көздөлүүдө. Парламенттин Жогорку палатасында саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мыйзам долбоору эки окууда каралды. Депутаттар документтин негизги жаңылыктары менен макул болгону менен, анын айрым беренелерин кайра иштеп чыгуу үчүн Мажилиске кайтарды. Атап айтканда, сенаторлор вейптерди жарнамалоого тыюу салууну сунуштады. Ошондой эле, аларды сатканы үчүн административдик жоопкерчилик алынып салынды. Себеби, бул норма өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде каралган. Аталган мыйзам долбоорун катышуучуларга депутат Айнур Аргынбекова тааныштырды. Анын айтымында, документке киргизилген өзгөртүүлөр медицина кызматкерлеринин жоопкерчилигин жакшыртууга багытталган. Негизги мыйзамдык жаңылык - бул медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу моделин киргизүү болуп саналат. Ал бейтаптардын даттанууларын жеринде - медициналык мекеменин же уюмдун өзүндө жөнгө салуу үчүн көз карандысыз комиссиянын каралышын көздөйт.

Тимур Султангазиев, саламаттыкты сактоо биринчи вице-министри: 

 Көз карандысыз талдоочулук комиссиянын курамына кесипкөй адистер, кесиптик медициналык ассоциациялардын, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү, бейтаптардын өкүлдөрү, ошондой эле, кесипкөй медиаторлор кирет. Көз карандысыз өкүлчүлүктүн курамына аталган медициналык уюмдун кызматкерлери кирбейт, муну менен катар, эгерде бейтап жана анын жакындары даттануунун акыркы жообуна канааттанбаса, алар медициналык-фармацевтикалык көзөмөл комитетине, укук коргоо органдарына же сот органдарына кайрыла алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков