Казакстандык саякатчы төрт жылда жер шарын жөө аралап чыгат

Казакстандык саякатчы Орусия, Монголия, Кытай мамлекеттерин жөө басып өтүп, 3 айдын ичинде дээрлик 3 миң чакырымды багындырды. 74 жаштагы мекендеш Сарсенбай Котырашов дүйнө жүзү боюнча сейилдөөнүн кезектеги этабын аяктады. Эске салсак, улгайган саякатчы 2 жыл мурун дүйнө кезүүгө аттанган. Сапар өз өлкөсүн кыдыруу менен башталды. 6 айдын ичинде ар бир аймакта болуп, 8 миң чакырымды артка калтырган. Өткөн жылы кайрадан чек арадан өтүп, Орусиянын, Грузиянын жана Түркиянын кереметтүү жерлерине күбө болгон. Ал жерде марафончу 100 күндө  3 миң чакырымды басып өткөн. Азыр ал дүйнөнүн башка континенттерин багындырууга камданып жатат. 

Сарсенбай Котырашов, саякатчы:

– Кийинки жылы Стамбулга учуп, ал жерден Европаны кыдырууну улантам. Болгария, Сербия, Венгрия, Австрия, Германия, Франция, акыркы өлкөдөн учак менен чыгып, АКШга конуп, Атлантика жээгинен Тынч океандын жээгине чейин жөө жүрүп өтөм. 

Сарсенбай Котырашов, көптөгөн археологиялык экспедициялардын катышуучусу жана миңдеген байыркы эстеликтерди калыбына келтирген тажрыйбалуу реставратор. Мындан улам ал жолдон кезиккенге тарых жана улуттук баалуулуктарды даңазалайт. 

Сарсенбай Котырашов, саякатчы:

– Бул менин өткөнүм менен сыймыктануу үчүн рекорд коюу эмес, улут алдындагы жарандык милдетимди аткаруу, руханий байлыгымды жаштарга өткөрүп берүү. Мен китептен окуганымды, элдин оозунан уккан окуяны айтпайм, көзүм менен көргөн жана колум менен кармаган окуяны далилдеп айтып берем.

Казакстандык саякатчы пландаштырылган багыттар боюнча дүйнө жүзүн кыдырып, ар бир түрк өлкөсүнө токтоп, Ыйык Меккеге жөө жетүүнү максат кылат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков