Мамлекеттик башкаруу академиясында ички саясаттын негизги маселелери талкууланды

Мамлекеттик башкаруу академиясында ички саясаттын негизги маселелери талкууланды

«Адилеттүү Казакстан» адилеттүүлүк позициясына негизделген. Өлкөдө ишке ашырылып жаткан саясий, экономикалык жана социалдык-маданий реформалар кайра түзүүлөр мына ушундай корутундуга негизделген. Бул тема тууралуу мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында сөз сүйлөдү. Мамлекеттик кеңешчинин айтымында, бул принцип мамлекетте комплекстүү түрдө жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык жана социалдык-маданий реформалардын жалпы темасы болуп саналат. Ал, эми Атырауда өткөн улуттук курултайдын үчүнчү жыйынында президент көтөргөн улуттук баалуулуктар жаңы платформанын өзөгүн түзөт. Мамлекеттик кеңешчинин айтымында, бул баалуулуктар системасын кармануу улуттун жаңы сапатынын калыптанышына өбөлгө түзөт.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:

-«Адилеттик, калыстык, адилеттүү Казакстан» деген түшүнүктөр мамлекет жана бийлик тарабынан айтылып, көтөрүлүп келген. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин президенттик кызматка киришкендеги биринчи сөзүндө айтылган биринчи баалуулук адилеттүү Казакстанды түзүү болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков