2024-жылдын үчтүн айы, чын куран айларында
Алматы экономикасынын базалык секторлору жогорку өсүштү көрсөттү. Атап
айтканда, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 17,5%-га, курулуш – дээрлик
6%-га жана байланыш – 4%-дан ашык өстү. Мегаполистин экономикасына 360 миллиард
теңгеге жеке жактардан инвестиция тартылды. Ерболат Досаев президентке шаардын
4 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу
маалымат берди. Касым-Жомарт Токаевге чын куран айында 9%-га жакын инфляциянын
басаңдашы тууралуу да баяндалды. Алматынын акими мамлекет башчысына шаардын
транспорттук базасын түзүүнүн алкагындагы долбоорлордун пулун ишке ашыруунун
жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жыйынтыгында президент мегаполис
экономикасын ар тараптандыруу жана инфляцияны андан ары төмөндөтүү алкагында
инвестиция тартуу боюнча ишти улантууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков