Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Акордада Сингапур парламентинин спикери Сеа Киань Пен баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын дарамети талкууланды. Казакстандын Президенти тараптардын өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүү ниетин жогору баалап, эл аралык кызматташтыкты арттырууда жана мамлекеттер ортосундагы диалогго таасир этүүдө парламенттик дипломатия абдан маанилүү ролду ойноорун баса белгиледи. Өз кезегинде Сеа Киань Пен эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүү үчүн чоң дарамет бар экенин айтты. Бүгүнкү күндө Казакстанда 140тан ашык сингапурдук компания жана биргелешкен ишкана иштейт. Бул өлкөнүн экономикага салган инвестициясынын жалпы көлөмү 1,4 миллиард доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеко