Казакстандын Европа Биримдиги менен экономикалык
кызматташтыгы өнүгүүсүн улантууда. Атап айтканда, Бельгия менен байланыштар
бекемделүүдө. Бул тууралуу телеканалга берген маегинде Казакстандын Бельгия
жана Люксембургдагы элчиси, өлкөнүн
ЕБ жана НАТОдогу Өкүлчүлүгүнүн башчысы Роман Василенко билдирди. Дипломаттын
айтымында, аталган мамлекеттин
80ге жакын компаниясы республиканын экономикасына 14 жарым миллиард евродон
ашык инвестиция салган. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ортодогу товар жүгүртүү 600
миллион евродон ашты.
Роман Василенко, Казакстан Республикасынын Бельгиядагы
жана Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Казакстандын Европа Биримдиги жана НАТОдогу өкүлчүлүгүнүн
башчысы:
– Казак өкмөтүнүн абдан так саясаты бар: биз маанилүү ресурстарга жетүү үчүн инвестицияларды жана технологияларды кубаттайбыз. Казакстанда Европа Биримдиги тарабынан маанилүү деп классификацияланган 34 материалдын 21и бар. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн долбоорлордун ичинен Европа Биримдиги Караганды аймагындагы Сарытоган кенин стратегиялык долбоор катары тандап алган. Европа Комиссиясынын президенти жеке өзү долбоор толук ишке киргенден кийин жыл сайын 100 миң электромобилдин аккумуляторун өндүрүү үчүн графит менен камсыздай аларын баса белгиледи. Бул ийгиликтүү мисал жана биз мындай долбоорлор дагы көп болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

