Казакстандын Президентине 2024-жылдагы каржы рыногун өнүктүрүү жыйынтыгы сунушталды

Казакстандын Президентине 2024-жылдагы каржы рыногун өнүктүрүү жыйынтыгы сунушталды

Казакстандын банк сектору туруктуу. Мындан тышкары, атамекендик каржы институттарынын активдери өткөн жылы дээрлик 20%га өсүп, 61 триллион теңгеге жетти. Ошондой эле, банктар экономиканы насыялоону - 34 триллион теңгеге чейин көбөйттү, атап айтканда, ата мекендик бизнес дароо 16 пайызга көбүрөөк насыя алды. Казакстандын Президентине каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы Мадина Абылкасымова 2024-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, атаандаштыкты күчөтүү үчүн секторго Түштүк Корея, Катар жана БАЭ чет өлкөлүк банктар тартылган. Мыйзам базасы да өнүгүүдө. Стресстүү активдер рыногун өнүктүрүү боюнча түзөтүүлөр кабыл алынды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев агенттиктин алдына реалдуу секторду насыялоону мындан ары кеңейтүү жана каржы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча милдеттерди койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков