Казакстан менен Кыргызстандын чек аралаш аймагында индустриялдык соода-логистикалык комплекс курулат

Казакстан менен Кыргызстандын чек аралаш аймагында индустриялдык соода-логистикалык комплекс курулат

Казакстан менен Кыргызстандын чек ара аймагында индустриялдык соода-логистикалык комплекси курулат. Өлкө Мажилиси долбоор боюнча тараптардын макулдашуусун жөнгө салган келишимди кабыл алды. Жалпы аянты 36 гектарды түзгөн комплекс “Карасу” жана “Ак-Тилек” автожол өткөрүү пунктары жанында жайгашат. Анын курулушу толук инвестициялык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ири долбоордун жалпы баасы 30 миллиард теңгенин тегерегинде болот. Жаңы комплексте товарларды жана жабдууларды сактоочу кампалар салынып, инженердик-транспорттук инфраструктура куруу мерчемделген. Ал эми өндүрүш аянттарында сүт, эт, жашылча, текстиль, фармацевтика жана башка өнүмдөрдү өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Бул жаатта эки тараптын тең дарамети жетиштүү, дешет адистер. Белгилей кетсек, былтыр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,6 миллиард долларды түзгөн. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү америкалык валютада 3 миллиардга жеткирүү пландалууда. Депутаттар индустриялдык соода-логистикалык комплекси соода алмашуунун көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө салым кошо турганын айтышат. 

Максат Толыкбаев, Парламент Мажилисинин депутаты: 

- Казак-кыргыз чек ара аймагы заманбап терең кайра иштетүү сыяктуу соода объектилери бар, атайын кампалары бар соода-логистикалык комплекске муктаж. Бул дагы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн экспорттук-импорттук операцияларга документтерди даярдоо, өндүрүшчүлөр менен ишкерлердин ортосунда иштиктүү байланыштарды түзүү үчүн жасалып жаткан кадам. 

Мукаш Ескендиров, Парламент Мажилисинин депутаты: 

- Жамбыл облусунда индустриялдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана өнүм өндүрүү үчүн кооперативдик долбоорлорду түзүүгө, өнүм жеткирүү чынжырына катышуучулардын санын кыскартууга жана эки мамлекеттин чек арасындагы тыгындарды жоюуга байланыштуу жеткирүү ылдамдыгын жогорулатууга көмөктөшөт.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков