Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиясынын Королу, мураскер ханзаадасы, Премьер-министрин жана бардык саудиялыктарды өлкөнүн улуттук майрамы менен куттуктап, телеграмма жөнөттү. Пезидент Сауд Арабиясынын экономикасын чыңдоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишкен, саясий жактан туруктуу өлкө катары белгиледи. Ошондой эле Казакстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы ишенимдүү жана маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенине көңүл бурду. Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы салттуу достукка жана бир туугандыкка негизделген кызматташтык мындан ары да элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделип, өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков