Казакстандын президенти Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында европалык лидерлер менен бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Көңүл борборунда соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтык, санариптештирүү, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелер болду.
Касым-Жомарт Токаев Люксембургдун премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Касым-Жомарт Токаевдин Люксембургдун премьер-министри Люк Фриден менен жолугушуусунда эки тараптуу мамилелердин конструктивдүү мүнөзү баса белгиленди. Маектештер санариптик чөйрөдөгү жана каржылык технологиялардагы биргелешкен долбоорлордун келечегине көңүл буруп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.
Мамлекет башчысы Монаконун князы менен жолугушту
Мамлекет башчысы Монаконун князы менен жолугушууда экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жогорку дарамет бар экенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Альбер IIни Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Касым-Жомарт Токаев Франциянын Президенти менен жолугушту
Нью-Йоркто Казакстандын Президенти Эмманюэль Макрон менен жолугушту. Лидерлер казак-француз мамилелеринин абалын талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Францияны Евробиримдиктеги өлкөнүн негизги өнөктөшү деп атады. Тараптар энергетика, транспорт, айыл чарба комплекси жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү өнүгүшүн ырасташты. Мындан тышкары, Президенттер актуалдуу геосаясий маселелер боюнча пикир алмашты.
Мамлекет башчысы Финляндиянын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Финляндиянын президенти Александр Стубб менен болгон сүйлөшүүдө мамлекеттин башчысы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, финляндиялык лидердин Казакстанга боло турган сапары соода-экономикалык жана гуманитардык өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди. Касым-Жомарт Токаев менен Александр Стубб эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди да талкуулашты.
Президент Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер менен жолугушту
Казакстандын президенти Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер менен да жолугушту. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Брюссель республиканын эң ири инвесторлорунун ондугуна кирет. Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү жарым миллиард долларга жакындады. Бельгия Европа Биримдигиндеги Казакстандын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Тараптар критикалык маанилүү минералдар, мунай химия, айыл чарба комплекси, өнөр жай, транспорт, жасалма интеллект жана билим берүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

