Alatau City шаарына өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Alatau City шаарына өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Алатау шаарына өзгөчө макам берилет. Парламенттин биргелешкен жыйынында «Алатау шаарынын атайын укуктук режими жөнүндө» конституциялык мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Эми документке президент кол коюшу керек. Бул мыйзам Казакстандагы эң алгачкы смарт шаардын өз алдынча макамы менен өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, ал атайын эрежелер менен иштей турган акылдуу аймакка айланат. Бул жерде бизнеске, инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мисалы, иш ачайын дегендерге бизнес-лицензиясы берилсе, инвесторлор салыктык жеңилдиктерди алышат. Ал жактагы ишканалардын ишин Башкы прокуратура гана текшерүүгө укуктуу. Alatau City үчүн Сингапур үлгү катары алынган. Шаар толугу менен санариптик система менен башкарылат, бюджети ачык болот. Шаарга тиешелүү чечимдерди атайын Кеңеш кабыл алып, башкаруусу түздөн-түз Премьер-министрге карайт.

Нуртай Сабильянов, Парламент Мажилисинин депутаты:

– Депутаттардын түзөтүүлөрү менен шаар чарба тармактарынын, тагыраак айтканда, көрктөндүрүү, инженердик, транспорттук жана турак жай коммуналдык инфраструктурасынын, ошондой эле коомдук коопсуздук системаларынын бардык маалыматтарын бириктирүү санариптик платформада болуусу санариптик баштапкылык принцибин ишке ашыруу максатында бекитилди. Ошону менен бирге ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Канат Бозумбаев, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары:

– Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык иштелип чыккан Конституциялык мыйзам Алатау шаарын өнүктүрүүнүн атайын укуктук негизин түзүп, өлкөбүздө мурда колдонулбаган ыкмаларды камтыйт. Бул демилге шаар алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Албетте, алар Алатаунун өнүгүшүнө, жаңы деңгээлге чыгышына таасир этери шексиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков