Теке айынын 1нен баштап Казакстанда жаңы Конституция күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн Сенаттын Төрагасы Маулен Ашимбаев Палата Бюросунун жыйынында билдирди. Спикердин айтымында, бул тарыхый мезгил Адилеттүү Казакстанды курууга жол ачат. Ушул учурда ал бардык мекендештерди мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин саясий багытынын тегерегине биригүүгө чакырды.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
– Президентибиз Касым-Жомарт Токаевдын демилгеси менен өлкөбүздө кеңири масштабдуу жаңылануулар ишке ашырылууда. Анын алкагында жаңы Конституциябыз кабыл алынып, Казакстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Негизги максат – эгемендигибизди бекемдөө, мамлекеттүүлүгүбүздү күчөтүү жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу. Көздөгөн максатка жетүү үчүн реформалардын тутумдуу жана максаттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылышыбыз керек. Бул жолдо улут болуп биригип, мамлекеттүүлүк жана ынтымактын алдыңкы үлгүсүн көрсөтүү өзгөчө мааниге ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

