Казакстанда жогорку баалуу кластерлер түзүлөт

Казакстанда жогорку баалуу кластерлер түзүлөт

Казакстанда кошумча наркы жогору кластерлер түзүлүүдө. Алар кайра иштетүү өнөр жайында экспортко багытталган өндүрүштү натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Республиканын өкмөтү буга чейин инвестициянын көлөмү 15 триллион теңгеден ашкан 17 ири долбоордун тизмесин бекиткен. Министрлер кабинетинде белгиленгендей, аларды ишке ашыруу бир катар экономикалык натыйжаларды берет. Булар – жаңы заводдор тарабынан болоттун көлөмүн жылына 6 миллион тоннага чейин көбөйтүү жана болот өндүрүү үчүн чийки зат менен толук камсыз кылуу, модернизацияланган ишканалар тарабынан мунайды кайра иштеп чыгууну жылына 24 миллион тоннага чейин жогорулатуу, калий жер семирткичтерин чыгаруу.

Ошондой эле, полиэтилен өндүрүшүн ишке киргизүү, автоунаа өнөр жайын локалдаштыруу жана кошумча наркы жогору тамак-аш өнөр жайынын өнүмдөрүн – крахмалды, глюкозаны жана фруктозаны экспорттоону көбөйтүү. Жалпысынан бул Казакстандын өнүмдөрүн тышкы рынокко жеткирүү көлөмүн 6 триллион теңгеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, бул ата мекендик өндүрүшчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков