Казакстанга Түркиянын президенти мамлекеттик сапар менен келет

Казакстанга Түркиянын президенти мамлекеттик сапар менен келет

Ушул аптада мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астанага Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен келет. Бул иш-чара бугу айынын 13-14 күндөрүнө белгиленген. Президенттер эки тараптуу байланыштардын учурдагы абалы менен келечегин талкуулашат. Ошондой эле Казакстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы отурумун өткөрүшөт. Ал эми 15де Түркестан шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити уюштурулат. Жыйындын жүрүшүндө «Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү» темасы талкууланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков