Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда мамлекеттин аскердик дараметин жогорулатуу жана армияны заманбап курал-жарак, аскердик техника менен жабдуу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Президент – Коопсуздук кеңешинин төрагасы өкмөткө жана башка мамлекеттик органдарга өлкөнүн аскердик уюмун жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков