Кытай жана Борбор Азия серепчилер форуму

Кытай жана Борбор Азия серепчилер форуму

Борбордук Азия регионунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнү күчөтүү жана транзиттик логистикалык потенциалды жогорулатуу. Бээжинде өткөн Кытай+Борбор Азиянын 5 өлкөсү форумуна катышкан серепчилер ушундай жыйынтыкка келишкен. Экономисттер, изилдөөчүлөр жана дипломаттар чогулуп, биргелешип өнүгүү механизмдерин талкуулашты. Казакстандын Кытайдагы элчиси Шахрат Нурышев жыйында сүйлөгөн сөзүндө, аймактын азыркы Евразия мейкиндиктеги ордун баса белгиледи. Анын айтымында, Борбор Азияга дүйнөнүн алдыңкы оюнчулары өзгөчө кызыгуу жаратууда.

Сюй Бу, Эл аралык меселелер институтунун мүдүрү:

Өз ара мамилелерди, соода-экономикалык кызматташтыкты, аймактык жана дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүгө реалдуу салым кошуу үчүн дагы эле көп күч-аракет жумшоо зарыл. Энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында дагы жаңы чакырыктар бар.

Еркин Тукумов, Казакстандын Президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:

Кытайдан келген импорттун көлөмү автоунааларды, өндүрүш жабдууларын, компьютерлерди жеткирүүнүн эсебинен өсүүдө. Казакстан негизинен минералдык азыктарды, металлдарды, химиялык өнөр жай өнүмдөрүн экспорттойт. Казакстандын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоого чоң маани берилет. Бүгүнкү күндө буудай, уйдун, чочконун этин, соя, бал, балык, беде, ун жана ун азыктарын өндүргөн 600гө жакын ата мекендик ишканалар Кытай рыногуна өз өнүмдөрүн жеткирүүгө уруксат алышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков