Казакстан менен Ватикан кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Тараптар Рим папасы Францисктин өлкөгө жасаган иш сапарынын алкагында келишим түзүштү. Документке премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жана Ыйык Тактын мамлекеттер менен байланыштар боюнча катчысы архиепископ Пол Ричард Галлахер кол коюшту. Ошону менен бирге тараптар Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын негизги милдеттеринин бири болгон конфессиялар жана диндер аралык диалогду өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгилешти.
Роман Василенко, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары
- Баштапкы документке 1998-жылы кол коюлган. Бул келишим 24 жыл мурун түзүлгөн жоболорду кеңейтет жана католик чиркөөсүнүн Казакстанда иштеши үчүн кыйла туруктуу базаны камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков