Казакстанда үстүбүздөгү жылдын II кварталында темир жол тармагына басым жасоо менен транспорт тармагына, казакстандыктарды дары-дармек менен камсыздоо системасына жана өлкөнүн 4 облусунун бюджетине аудит жүргүзүлдү. Жыйынтыгында транспорт тармагын өнүктүрүү, бюджеттик-инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ата мекендик фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдү колдоо механизмин кайра карап чыгуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчыга Жогорку Эсептөө палатасынын төрагасы билдирди. Ошондой эле, Алихан Смаилов үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында жүргүзүлө турган аудитордук иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Кийинки аудиттер Назарбаев Университетин, «КазМунайГаз» улуттук компаниясын, сот системасын, ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана курулуштун айрым багыттарын камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков