Казакстан Борбор Азия жана Евразия экономикалык
биримдигинин өлкөлөрүнүн арасында жасалма интеллектти киргизүү боюнча лидер.
Бул тема New Vision бизнес-форумунун негизги темаларынын бири болду. Иш-чара
ушул күндөрү Алматыда өтүп жатат. Азыркы учурда жасалма интеллект
технологиялары билим берүү жана мамлекеттик башкаруудан баштап экономика жана
бизнеске чейин ар кандай тармактарга активдүү киргизилүүдө. Компаниялар жаңы
шарттарга тезирээк ыңгайлашып, натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн күнүмдүк ишинде
нейрондук тармактарды жана санариптик технологияларды барган сайын көбүрөөк
колдонуп жатышат. Форумга 4,5 миңден ашуун ишкерлер, серепчилер жана
инвесторлор чогулду. Катышуучулар глобалдык тенденцияларды, рыноктогу
өзгөрүүлөрдү, жасалма интеллект доорундагы бизнестин келечегин талкуулашууда.
Берик Каниев, бизнесмен:
– Бул жаңы стандарттарга
ылайыкташпаган компаниялар жарыштан четтеп калат. Албетте, биз, Казакстан,
чийки зат базасы менен бактылуубуз, бирок, эгерде биз ылайыкташкыбыз келсе,
анда баары бир AI, жаңы стандарттар, жаңы багыттарды көздөй кетишибиз керек
жана жасалма интеллект ошол күчтүү драйверлердин бири болот.
Технологиялардын өнүгүшү чакан жана орто бизнестин жаңы
мүмкүнчүлүктөрүн жаратат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто
бизнестин Казакстандын экономикасына кошкон салымы ИДӨнүн 40% түздү. Талдоочулардын
айтымында, өлкөдө канчалык көп активдүү ишкерлер жана өнүгүп жаткан компаниялар
болсо, экономика ошончолук туруктуу болот жана анын мындан ары өнүгүшү үчүн
ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Дулат Тастекей, Алматы шаардык маслихатынын депутаты,
ишкер:
– Бир нече ири уюмдарга гана таянганда, эгер алар менен бир нерсе болуп кетсе, экономикага салыктык кирешенин агымы токтоп калат. Ал эми сизде чакан жана орто бизнестин көптүгү болсо, алардын ар бири бир аз төлөп, ошону менен салыктык кирешени түзүшөт, демек, бюджеттин кирешесинин баары өлкө үчүн тобокелдиктерди диверсификациялоо болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

