Казакстан суу тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен документтерге кол койду

Казакстан суу тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен документтерге кол койду

Астанада суу секторун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин II отурумунда 5 келишимге кол коюлду. Документтер суу ресурстары жана ирригация министрлигинин чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган. Ошентип, испан компаниясы менен биргеликте тараптар өлкөнүн батышындагы жер астындагы суу чыккан жерлердин карталарын түзүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу макулдашышты. Евразия өнүктүрүү банкы келишим боюнча суу ресурстарынын Улуттук маалымат системасын түзүүгө грант бөлөт. Кытай тарап менен келишим казакстандык адистерди окутууга  тиешелүү. Дагы бир долбоор республикада чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.  Мындан тышкары, иинистрлик, Ислам өнүктүрүү банкы жана ПРООНдун ортосунда кызматташуу тууралуу билдирүүгө кол коюлду. Анда тармактын техникалык дараметин чыңдоо, ошондой эле суу ташкынын болжолдоо системасын жакшыртуу каралган. 

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри: 

- Жарым жылдык ишибизде биз конкреттүү макулдашууларга жетиштик, бир катар өнөктөш өлкөлөр, өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү, каржылык уюмдар жана бизнес менен жаңы долбоорлорду ишке киргиздик. Өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө министрлик эл аралык өнөктөштөр менен үч макулдашуу жана 16 меморандум түзүлдү.  

Катаржина Вавьерниа, Казакстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү: 

- Биз биринчи жолу бир нече ай мурун, 2024-жылдын аяк оона айынын аягында чогулганда, бул платформа жаңы гана калыптана баштаган. Азыр биз Координациялык кеңештин идеядан реалдуу натыйжалар менен иштеп жаткан платформага өткөнүн көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө улуттук жана эл аралык катышуучулардын кеңири чөйрөсү Казакстандын суу секторунун артыкчылыктарын колдоп чыгышты. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков