Актауга жакын жерде кыйраган Азербайжан аба жолдорунун учагынын «кара» кутуларынын жазууларын талдоо Бразилияда аяктады. Авиациялык кырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борбору Казакстанга тиешелүү материалдарды жөнөткөн. Өлкөнүн транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, ата мекендик серепчилер келгенден кийин дароо борттук жазгычтардын чечмеленген маалыматтарын изилдөөгө киришет.
Абил Кекилбаев, Авиация
серепчиси:
- Кара куту сыр бойдон кала
турган көптөгөн маалыматтарды ачат деген чоң үмүт бар. Жогоруда айтылгандай,
жазуу кабинанын ичинде, бардык датчиктерден жүргүзүлдү. Учактын башкаруу
маалыматтары аны тактайт. Эми комиссия ушул варианттардын бардыгын иштеп чыгып,
алдын-ала корутунду даярдоого тийиш.
Серик Муктыбаев, Авиация
серепчиси:
- Азыркы учурда учактын калдыктары Актау аэропортундагы ангарда
турат. Бул стандарттуу процедура. Бардык бөлүк чогултулганда, алар авиациялык
кырсыктын себебин түшүнүү үчүн изилденет. Башкача айтканда, ар бир адам ар бир
деталды, зымды, фюзеляждын, кымылдаткычтын деталдарын жана башкаларды изилдейт.
Бул окуяга ар тараптуу баа берилүү үчүн маалыматтар чогултулат.
Эске салсак, өткөн жылдын бештин айынын 25де «Баку-Грозный» багыты боюнча
рейс аткарып жаткан AZAL авиакомпаниясынын учагы Актаунун жанында кырсыкка
кабылган. Анын бортунда 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон. Авиакырсыктын
кесепетинен 38 жүргүнчү каза болуп, 29у аман калган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

