Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүдө Александр Лукашенкону Беларус Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Сүйлөшүүдө алар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Белгилей кетсек, Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Александр Лукашенко шайлоочулардын 86% ашуун добушун алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

